Ирактын түндүгүнө аба операциясы жүргүзүлдү
Операцияда 14 террорист жок кылынды.
1097955
![Ирактын түндүгүнө аба операциясы жүргүзүлдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/084b/cf37/f3e4/5c00f3fd5ee30.jpg?time=1718878507)
Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүнө карата аба операцияларында ПКК жикчил террордук уюмунун 14 террористи жок кылынды.
Түрк куралдуу күчтөрү социалдык бөлүшүү желеси твиттер эсебинен аба операциялары тууралуу маалымат берилди. Маалыматка караганда Ирактын түндүгүндөгү Хакрук, Авашин - Басян, Гара, Хафтанин жана Метина аймактарына жүргүзүлгөн аба операцияларында жикчил террордук уюмга таандык үңкүр жана баш калкалоочу жерлер жардырылып, база аймактарына кол салуу үчүн даярданган 14 террорист жок кылынды.