Могерини менен Хан Түркияга келет

Анкара Түркия  - Европа Биримдигинин ортосунда жогорку деңгээлдеги маанилүү жыйынды өткөрүүгө даярданууда.

1091762
Могерини менен Хан Түркияга келет

Анкара Түркия  - Европа Биримдигинин ортосунда жогорку деңгээлдеги маанилүү жыйынды өткөрүүгө даярданууда.

Тараптар Жогорку Деңгээлдеги Саясий Диалог жыйынынын негизинде жолугушат.

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Федерико Могерини жана Европа Биримдиги Комиссиясынын кеңейтүү боюнча жооптуу мүчөсү Йоханнес Хан 22 -  ноябрда Анкарада тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушат.

Жыйында Сириядагы абал, Иранга карата санкциялар жана Ирактагы абалдар башта болгон орток кызыкчылык жана тынчсыздануу жараткан темаларга токтолушат. Өзгөчө террор менен күрөш, миграцияны башкаруу тууралуу кызматташуу жана Европа Биримдиги  - Түркия эки тараптуу карым  - катнаштары да жыйындын негизинде каралат.

 

 

 



Тектеш кабарлар