Орусиянын президенти В. Путин Стамбулга келди

В. Путинди Ататүрк аэропортунан мамлекеттик конок үйүндө Стамбул губернатору Али Йерликайа менен Стамбул мэри Мевлют Уйсал, Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерхов менен түрк жана орус жетекчилер тосуп алышты

1090880
Орусиянын президенти В. Путин Стамбулга келди

Орусиянын президенти В. Путин Түрк Агым долбоорунун деңиздеги  бөлүгүнүн бүткөрүлүшүнө карата өткөрүлө турган аземге катышуу үчүн атайын учак менен Стамбулга келди.

В. Путинди Ататүрк аэропортунан мамлекеттик конок үйүндө Стамбул губернатору Али Йерликайа менен Стамбул мэри Мевлют Уйсал, Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерхов менен түрк жана орус жетекчилер тосуп алышты. Путин аэропорттон өзүн күтүп жаткан унаа менен чыкты.

Түрк Агым жаратылыш газ түтүк жолунун деңиздеги бөлүмүнүн бүткөрүлүшү менен президент Р. Т. Эрдоган жана Орусиянын президенти В. Путиндин катышуусу менен бүгүн Стамбулда азем өткөрүлөт.

Орусиянын жаратылыш газын Түркияга жана Европага алып өтө турган Түрк Агым жаратылыш газ түтүк жолу долбоору Кара деңиздин астына төшөлгөн ар бири 15, 75 миллиард метр куб көлөмгө ээ 930 километр узундукта 2 түтүк жолунан турат.

Биринчи жолдун Түркияга экинчи жолдун да Европа өлкөлөрүнө жаратылыш газ өткөрүшү күтүлүүдө.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар