Түркия Афганстандагы кол салууну айыптады

Түркия Афганстандын борбор шаары Кабулда кечээ болгон террордук кол салууну айыптап, афган калкына көңүл айтты.

1086891
Түркия Афганстандагы кол салууну айыптады

Түркия Афганстандын борбор шаары Кабулда кечээ болгон террордук кол салууну айыптап, афган калкына көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Кечээ Кабулда Газне жана Урузган аймактарындагы коопсуздукка каршы уюштурулган митингде жасалган бомбалуу кол салууда көп сандаган кишинин каза болушу жана жараландардын болушу санааркатты»,- деп билдирилди.

Маалыматта : «Болгон террордук кол салууну айыптап, кол салууда каза болгондор үчүн дос афган өкмөтүнө жана боордош афган калкына көңүл айтып, жаралангандардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп айтылды.

Кабулда митингге чыккандардын арасында жасалган жан кечтилик кол салууда 6 киши каза таап, 10 киши жараланган.



Тектеш кабарлар