Стамбул аэропортунан Азербайжанга биринчи каттам

Биринчи каттам 121 жүргүнчү менен аткарылды.

1084126
Стамбул аэропортунан Азербайжанга биринчи каттам

 Стамбул аэропортунан Азербайжандын борбор шаары Бакуга алгачкы каттам аткарылды. Президент Р. Т. Эрдоган менен кээ бир мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусу менен 29 -  октябрда ачылган Стамбул аэропортунда экинчи өлкө тышындагы саякаты саат 09: 30 да Баку Гейдер Алиев эл аралык аэропортуна Боинг – 737 моделиндеги учак менен аткарылды.

Биринчи каттам 121 жүргүнчү менен аткарылды.

Түрк аба жолдору Анкара, Измир, Анталья жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан кийин Стамбул аэропортунан учкан бешинчи учуу жери  болгон Бакуга 31 -  декабрга чейин жуманын ар бир күнү бир, жалпы жети каттам аткарылат.

Жаңы кошулган учактар менен Түрк аба жолдорунун Стамбул жана Баку шаарларынын арасындагы каттам жыштык саны да 28  Ататүрк аэропорту, 7 Стамбул аэропорту, 3 Сабиха Гөкчен аэропортунан болуп 38ге жетти.

Түрк аба жолдорунун 2017 – жылы 337 миң 300 жүргүнчү ташыган Баку каттамдарында 2018 -  жылдын биринчи 10 айында 337 миң жүргүнчү ташыды.

Азербайжандын борбор шаары Баку ошол эле учурда Түрк аба жолдорунун Орто Азиядагы биринчи учуу жери болуу өзгөчөлүгүнө ээ.

1991 -  жылы башталган жана 27 жылдан бери үзгүлтүксүз улантылган каттамдар Түркия менен Азербайжандын ортосунданы улуттук жана руханий байланыштарды күчтөндүргөн бир көпүрө кызматын аткарууда.



Тектеш кабарлар