Хулуси Акар Сомалиде

Хулуси Акар Президент Мехаммед Абдуллах Фармажу тарабынан кабыл алынды.

1083948
Хулуси Акар Сомалиде

Расмий сапар менен Сомалиге барган Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Президент Мехаммед Абдуллах Фармажу тарабынан кабыл алынды.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, коштоосундагы делегация, борбор шаар Могадишого барганда Сомалинин вице  - премьер  - министри Махди Гуулед Кадар тарабынан аэропортто тосуп алынды. Министр Акар андан кийин Президент Мухаммед Абдуллах Фармажу менен жолугушту. Акар менен Фармажу аскердик билим берүү, өлкөнүн коопсуздугу жана Сомали армиясынын күчтөндүрүлүшү сыяктуу темаларды карап чыгышты. Фармажу  жолугушууда Сомалиге болгон колдоосунан улам түрк тарабына рахмат айтты.

 



Тектеш кабарлар