Тышкы иштер министри Японияда

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Япониянын борбор шаары Токиодо «Түрк тышкы саясаты жана Жакынкы Чыгыштагы актуалдуу абалдар» деген семинарда сөз сүйлөдү.

1081622
Тышкы иштер министри Японияда

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын эл аралык маселелердин чечилишине салым кошкондугун белгиледи. Чавушоглу Япониянын борбор шаары Токиодо «Түрк тышкы саясаты жана Жакынкы Чыгыштагы актуалдуу абалдар» деген семинарда сөз сүйлөдү.

Түркиянын Жакынкы Чыгыштагы маселелерди тынчтык жолe менен чечүүчү жол табуу үчүн аракет кылгандыгын айткан Чавушоглу аймакта АКШнын жалгыз чыгарган чечими жана Израилдин кол салуучулугунун улантылышы абалды дагы да баш  - аламан абалга алып келгендигин айтты.

Сирияда кризиске туруктуу чечүүчү жол табуу үчүн Түркиянын аянтта таштаган кадамдары менен бирге Конституциялык комиссия үчүн башка актерлор менен бирдикте иштегендигин да айткан тышкы иштер министри маселенин адамзаттык жагын да көз алдына алып келди.

Түркиянын качкындарды багууну уланткандыгын айткан Чавушоглу сириялык качкындар үчүн Түркиянын 33 миллиард доллар жумшагандыгын белгиледи.

Мевлют Чавушоглу Түркиянын жардам берүүдө биринчи орунда экендигин да айтты.



Тектеш кабарлар