Президент Р. Т. Эрдоган Францияга сапар менен барат

«Ок атышпоо күнүнүн» 100  жылдыгынан улам Франциянын борбор шаары Парижде эскерүү салтанаттары өткөрүлөт.

1080559
Президент Р. Т. Эрдоган Францияга сапар менен барат

Президент Р. Т. Эрдогандын 10 – 11 -  ноябрда Францияга сапар менен барышы пландалууда. Антанта мамлекеттери менен Германиянын ортосунда 1918 -  жылы 11 -  ноябрда кол коюлган ок атышпоолорду токтотуу келишими менен 1 -  Дүйнөлүк согушун расмий түрдө бүтүргөн «Ок атышпоо күнүнүн» 100  жылдыгынан улам Франциянын борбор шаары Парижде эскерүү салтанаттары өткөрүлөт.

Ушунун негизинде Франциянын президенти Еммануэль Макрондун жетекчилигиндеги эскерүү аземдерине Түркиядан президент Р. Т. Эрдоган катышат.

Аземдерге АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти В. Путин да араларында болгон 80 өлкөнүн лидери катышат.

Сапарында биринчи жолу өткөрүлө турган Париж Тынчтык Форумуна да катыша турган президент Эрдогандын АКШнын президенти Трамп жана Франциянын президенти Макрон башта болгон кээ бир лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар