Украинанын президенти Түркияга келет
Украинанын президенти Петр Порошенко Түркия - Украина жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Түркияга келет.
Украинанын президенти Петр Порошенко Түркия - Украина жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Түркияга келет.
Президент Р. Т. Эрдоган жана Украинанын президенти Петр Порошенконун жетекчилигиндеги Түркия - Украина жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңеш жыйынынын жетинчиси 3 - ноябрь ишемби күнү Стамбулда өткөрүлөт.
Президенттик басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда Эрдоган менен Порошенконун жетекчилигинде өткөрүлө турган жыйынга эки өлкөнүн тийиштүү мининстрлери катышат.
Түркия менен Украинанын ортосундагы карым - катнаштар бардык тарабы менен карала турган жыйында эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү карым - катнаштардын аймактын тынчтык, ырааттуулук жана бейкуттугуна салым кошо тургандай түрдө тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушуп, бул багытта түрдүү келишим жана протоколдорго кол коюлушу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.