Жаңы курулган аэропорттун аты "Стамбул"

Стамбул жаңы аэропорту ачылды.

1077776
Жаңы курулган аэропорттун аты "Стамбул"

Президент Р. Т. Эрдоган Стамбулда жаңы курулган, дүйнөнүн эң чоң аэропортунун атынын "Стамбул" болгондугун билдирди. 

Эрдоган жаңы аэропорттун ачылышын көркөмдүү азем менен аткарды. 

Президент Эрдоган ачылууда сүйлөгөн сөзүндө Стамбул аэропортунун Түркия жана дүйнө үчүн пайдалуу болушун каалады. Президент бул кубанычтуу күндө Түркиянын жанында болгон элүүгө жакын өлкөдөн келген конокторго рахмат айтты. 

Аземге Албаниянын президенти Илир Мета, Катар Эмири Шейх Тамим Бин Хамад Ал Тани, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Косованын президенти Хашим Тачи, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустафа Акынжы, Македониянын президенти Георге Иванов, Молдованын президенти Игорь Додон, Пакистандын президенти Ариф Алви, Сербиянын перзиденти Александар Вучич, Судандын президенти, маршал Омар Хассан Ахмад Ал Басхир, Босния Герцеговинанын министрлер кеңешинин төрагасы Денис Звиздич, Болгариянын премьер - министри  Бойко Борисов, Конго демократиялык республикасынын вице премьер  - министри жана транспорт жана коммуникациядан жооптуу министри, Словениянын вице премьер  - министри жана базистик министри Аленка Братусек, Грузиянын тышкы иштер министри Давид Залкалиани, Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф, Молдованын Гагауз автоном аймагынын президенти Ирина Влах катышты. 

Ачылуу аземинде президент Эрдогандан мурда сөз алган Түркия Парламентинин спикери Бинали Йылдырым : "Республиканын курулушунун токсон бешинчи жылына жарашкан  бул чыгарма өлкөбүз, элибиз жана аймагыбз үчүн пайдалуу болсун",- деди. 

Ачылууга улуттук жана эл аралык медиа мекемелери да чоң кызыгуу көрсөттү. Өзгөчө чет элдик журналисттер, архитектурасы менен кызыгуу жараткан аэропорт тууралуу маекешүүлөрдү өткөрүштү. 

 



Тектеш кабарлар