Президент Эрдогандын 29 - Октябрь куттуктоосу

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Селжуктук жана Осмон империасынан өткөрүп алган тарыхый жолчулугун келечектеги максаттары менен улантарын белгиледи.

1077541
Президент Эрдогандын  29 -  Октябрь куттуктоосу

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Селжуктук жана Осмон империасынан өткөрүп алган тарыхый жолчулугун келечектеги максаттары менен улантарын белгиледи.

Президент Эрдоган 29 -  Октябрь Республика майрамынан улам куттуктоо жарыялады. Эрдоган куттуктоосунда Түркияны бул күндөргө алып келгендерге ыраазычылык билдирип, мындан кийин да Түркиянын алдындагы максаттар менен  жогорку деңгээлге чыгарын белгиледи. Эрдоган : «Тарыхка эзилгендерге тескери караган эмес, үйүн, нанын бөлүшкөн, бардык темада адилеттүүлүктү жактаган өлкө катары өтүнүн сыймыгы бизге жетет. Эч бир токоолдуктун, эч бир саботаждын, эч бир оюндун бизди максаттарыбыздан баш тарттыруусуна ураксат бербейбиз»,- деди. Президент Эрдоган куттуктоосунда террор менен күрөштө жана 2016 – жыл 15 -  июлдагы козголоң кыймылында каза болгон коопсуздук күчтөрү менен жарандарды да эскерип, алардын элесинин дайыма жашай тургандыгын баса белгиледи.

Эрдоган : «Селчуктуктан Осмондукка жана ал жерден жаш Түркия республикасына өткөрүп берген тарыхый процесстин ичиндеги тарыхый жолчулугубузду 2023 -  жылдагы максаттарыбыз менен улантабыз. 2053 – 2071 – жылдагы көз карашыбыз менен да бир жогорку деңгээлге чыгарабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар