Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылычтын макаласы

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылычтын Американын «Дефенс Уан» кабар сайты үчүн даярдаган макаласы.

1074255
Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылычтын макаласы

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылыч , Түркиянын Орусия менен Сириянын Идлиб аймагы тууралуу жетишкен  макулдашуусунун эл аралык коомчулук тарабынан кабылданылышы керектигин белгиледи.

Кылыч Американын «Дефенс Уан» кабар сайты үчүн даярдаган макаласында Түркиянын 17-сентябрда Орусия менен Сириянын Идлиб аймагы тууралуу түзгөн келишим менен миллиондогон жарандын өмүрүн куткаргандыгын  жана келишимдин эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынуусу керектигине басым жасады.

«Идлиб эмне үчүн маанилүү»  деген темадагы макаласында Кылыч , келишим он миңдеген сириялыктардын өмүрүн сактап калды. Толугу менен ишке аша турган болсо ондогон европалык жана америкалыктардын өмүрүн куткарышы мүмкүн», деген оюн айтты.

Сердар Кылыч:« Бир миллионго жакын качкын Түркияга жана Европага чубап келмек. Бул дагы чыныгы коопсуздук тобокелдиктерге алып келмек. Өлкөбүз 3,5 миллион сириялык качкындарга (ичинде 400 миң күрт кошо) эшигин ачты жана бүгүнкү күнгө чейин 33 миллиярд доллар сарптады»,- деп билдирди.

Кылыч , Түркиянын түзгөн Идлиб келишимине эл аралык коомчулуктан туруктуу колдоо көрсөтүлүшү керектигин , болбосо дагы бир качкындар кризиси пайда болоорун , террористтердин качкындардын арасына кошулуп кетээрин баса белгиледи.

Макулдашууга ылайык түрк жана орус аскерлеринин Идлибдин чөйрөсүндө кеңдиги 9-12 километрге жакын куралсыз аймакта күзөт иштеринин жүргүзүлөрүн билдирген  Кылыч, аймактан оор курал жарактардын алынып бүткөндүгүн билдирди.

Элчи Кылыч , Идлиб келишиминин Түркиянын жарандык жоготуулардын алдын алуу аракетинин болбогондугун, Түрк коопсуздук күчтөрүнүн "Евфрат калканы" жана "Зайтун бутагы" операциялары менен 3 миң 800 км аймакты да ДЕАШ , бөлүүчү террор уюму ПКК/ЙПГден тазалап 260 миң сириялыктардын үйлөрүнө кайтууларын камсыз кылганын билдирди.

Эл аралык коомдун Башар Асад режимине Идлиб келишимин кабылдоосу темасында кысымды күчөтүү керектигин баса белгилеген Кылыч: « Сирия калкынын каалоосу боюнча, Сириянын саясий биримдиги жана топрак бүтүндүгүн камсыз кылуу  менен кошо БУУнун параметрлери менен катар чогуу иштешибиз керек. Так ошондой эле адамдын саны да мааниүү. Кризис бир саясат жана коопсуздук сыноосу болгондой эле адамдык баалуулуктарыбызды кантип коргонубуздун  сыноосу»,- деп билдирди.

 

 


Этикеткалар: #Сердар Кылыч , #Идлиб

Тектеш кабарлар