Сауд Арабиянын Башкы консулдугуна таандык имаратка иликтөөчү топтор келишти

Полиция жана окуя болгон жерди иликтөө топтору имаратта иликтөө жүргүзүүдө.

1070787
Сауд Арабиянын Башкы консулдугуна таандык имаратка иликтөөчү топтор келишти

2-октябрдан бери дайыны чыкпай калган саудиялык журналист Жемал Кашыкчы үчүн, саудиялык 11 тийиштүү кызматкер Стамбулдагы Сауд Арабиянын Башкы консулдугуна таандык үйгө кирди.

Кашыкчынын жоголгону боюнча түзүлгөн жумушчу тобундагы тийиштүү түрк кызматкерлер дагы Башкы консулдук имаратына келди.

Полиция жана окуя болгон жерди иликтөө топтору имаратта иликтөө жүргүзүүдө.

Имаратта кечээ кечинде жүогүзүлүшү пландалган тинтүү иштери кийинкиге жылдырылган.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, имаратта иликтөө жүргүзүлүшү үчүн (саудия тараптан) кабыл алуусу болгонун, бирок башталышы үчүн биргелешкен меморандум түзүлүүсү күтүлгөнүн айткан.

Полиция жана окуя болгон жерди иликтөөчү топтор, консулдук имаратында мурдагы күнү кечинде 9 сааттан ашык убакыт иликтөө жүргүзгөн.

Бул иликтөөлөр убагында «Луминол» деп аталган ыкма аркылуу атайын нур менен какталгандан кийин колдонулган  химиялык заттын жардамы менен имараттын ичинде көп сандаган ДНК клетка үлгүсү чогултулганы белгиленди.

Окуя болгон жерди иликтөө кеңсесинин директорлугунун топторунун консулдукта жана консулдук кошулган канализацияда да жасалган иликтөөлөрдө өрнөктөрдү алганы белгиленди.

Полиция топторунун айрыкча консулдук имаратынын бакчасынан топрак өрнөктөрү менен консулдук имаратынын таштандыларын жана кутуларын да иликтеш үчүн алганы белгиленди.

Алынган далилдердин, Окуя болгон жерди иликтөө кеңсесинин директорлугунун топтору тарабынан кеңири изилдөөнүн жасалышы үчүн Криминалдык полиция лабораториясынын директорлугуна алып барылганы маалымдалды.

Жабык гараж жана мурда консулдук имараты колдонгон суу кудугунун да кылдат тинтилгени белгиленди.

Бул учурда коопсуздуктун тийиштүү кызматкерлери, Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулу Мухаммед аль-Утейбинин Түркиядан кетишинин иликтөөлөрүнө тоскоол болбогонун, окуянын чечилиши үчүн болгон аракет жумшалганын айтты.

Сауд Арабиянын Стамбулдагы башыкы консулу кечээ Түркия убактысы боюнча саат 17:00дө өлкөсүнө кайтып кеткен.

 



Тектеш кабарлар