Сауд Арабиянын Башкы консулдугунда иликтөө башталды
Сауд Арабиянын Башкы консулдугунда иликтөө башталды
1070008
Саудиялык журналист, Американын «Вашингтон пост» гезитинин жазуучусу Жемал Кашыкчынын Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугуна кирген 2-октябрдан бери дайыны чыкпай калышынан улам түзүлгөн жумушчу топ консулдун резиденциясын тинтип жатат.
Полиция жана окуя болгон жерди иликтөөчү топтор, Башкы консулдукта кечээ 9 сааттан ашык убакыт жүргүзгөн изилдөөдөн кийин бүгүн резиденцияны тинтий баштады.
Кечээки иликтөөлөрдүн жыйынтыгынан алынган өрнөктөрдөн айрым далилдер табылганы айтылууда.
Сауд Арабиянын Стамбулдагы башыкы консулу Түркия убактысы боюнча саат 17:00дө өлкөсүнө кайтты.
Стамбул республикалык прокуратура дагы жоголгон журналисттин тагдыры тууралуу териштирүү баштаткан.