Башкы штабдын төрагасы Йашар Гүлер АКШда кесиптеши менен жолугушту

Жолугушууда аймактык коопсуздук жана террордук уюм менен күрөшүү темалары каралды.

1069683
Башкы штабдын төрагасы Йашар Гүлер АКШда кесиптеши менен жолугушту

Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Йашар Гүлер АКШнын башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Жосеф Данфорд менен жолугушту.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда Күч колдонгон ашыкча уюмдар менен күрөшүү боюнча башкы штабдын төрагаларынын конференциясына катышуу үчүн АКШга барган армиянын генералы Гүлер АКШнын башкы штабынын төрагасы Данфорд менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда аймактык коопсуздук жана террордук уюм менен күрөшүү темалары каралды.

АКШнын башкы штабынын төрагалыгынын катчысы полковник Патрик Райдер болсо жолугушуу тууралуу маалыматында Гүлер жана Данфорддун Түркия- Америка карым- катнаштарынын маанисине басым жасагандыгын белгиледи.

Полковник Райдер : «Эки командир Манбижде коопсуздук жана ырааттуулук тууралуу сүйлөшүүлөрүн улантышты. Ошол эле учурда ДЕАШ террордук уюмду туруктуу түрдө жеңилүүгө учуратуу үчүн террор менен күрөшүү тууралуу Түркия- Америка кызматташуусунун маанисин карап чыгышты»,- деди.

Райдер өзгөчө эки ачкыч НАТО мүчөсү АКШ менен Түркиянын күчтүү аскердик карым- катнаштарынын улантылып жаткандыгына көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар