Нуман Куртулмуштан Жемал Кашыкчы тууралуу билдирүү

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Нуман Куртулмуш Жемал Кашыкчы окуясынын бардык тарабы менен иликтенип жаткандыгын айтты.

1069044
Нуман Куртулмуштан Жемал Кашыкчы тууралуу билдирүү

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Нуман Куртулмуш саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын акыбети жакындан иликтенип жаткандыгын айтты. Нуман Куртулмуш партиясынын облустук кеңеш жыйынында сөз сүйлөдү.

2 – октябрда Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна киргенден кийин кабар алына албаган саудиялык журналист Жемал Кашыкчы окуясына токтолгон Нуман Куртулмуш бул окуя тууралуу иликтөөнүн бардык тарабы менен жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Кашыкчы окуясында коомчулукка билдирилген маалыматтардын тышында башка бир маалыматтын болбогондугун баса белгилеген Куртулмуш : «Бул маанилүү окуя. Бир журналисттин жоголуу маселесинен да чоң. Түркия катары бул жерде кичинекей да болсо оптимисттик көрсөтүлбөйт. Такталган маалымат келгенде дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүлөт»,- деди.

Жакынкы Чыгыштагы террордук окуялар тууралуу да маалымат берген Куртулмуш империалист күчтөрдүн аймакта террордук уюмдарды колдонуу менен күчүн арттырууга аракет кылгандыгына көңүлдөрдү бурду.

Куртулмуш аймакта бул оюнду буза ала турган бир гана өлкөнүн Түркия экендигин белгилеп, империалист күчтөрдүн муну билгени үчүн өзгөчө экономика боюнча Түркияга кысым жасоону каалашкандарын, Түркиянын бул кысымга каршы турарын айтты.



Тектеш кабарлар