Измирде мигранттарды ташыган унаа оодарылды
Кырсыкта алгачкы белгилөөлөргө караганда арасында балдар да болгон кеминде 15 киши каза болду.
1068289
![Измирде мигранттарды ташыган унаа оодарылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/af94/190f/deeb/5bc2e988ea547.jpg?time=1718612668)
Измирде мигранттарды ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кулап кетишинин себебинен алгачкы белгилөөлөргө караганда арасында балдар да болгон 15 киши каза тапты.
Айдындан Измирди көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаа Мендерес районунда жолдон чыгып кетип Дегирменчайга оодарылды.
Чөйрөдөгүлөрдүн билдиргени боюнча окуя болгон жерге полция, саламатык сактоо кызматкерлери жана өрт өчүргүчтөр барышты.
Кырсыкта алгачкы белгилөөлөргө караганда арасында балдар да болгон кеминде 15 киши каза болду.