Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Нежефте жолугушууларды өткөрдү

Мевлют Чавушоглу кечээ кечинде Ирактын Нежеф шаарында жалпы шайлоонун биринчиси Муктеда ес - Садр менен жолугушту.

1067455
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Нежефте жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу кечээ кечинде Ирактын Нежеф шаарында Садр кыймылынын лидери жана акыркы жалпы шайлоонун биринчиси Муктеда ес - Садр менен жолугушту. Чавушоглу жолугушуудан кийин берген маалыматында Садр менен эки өлкөнү кызыктырган орток темалар жана өлкөдөгү өкмөт куруу иштерине байланыштуу абалдарды карап чыгышкандарын айтты. Жолугушуунун оң өткөндүгүн айткан Чавушоглу андан киийн Азырети Алинин шаардагы күмбөзүнө барып дуа кылды.

Тышкы иштер министри Чавушоглу кечээ Багдаттагы жолугушууларында Ирактын президенти Берхем Салих, парламенттин спикери Мухаммед ел  - Халбуси, жаңы өкмөттү куруу менен милдеттендирилген Адил Абдулмехди, түркмөн депутаттары, Ирактын мурунку вице  - президенти Усаме ен – Нужейфи жана Бедир уюмунун лидери Хади  ел  - Амири менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар