1963-жылдан бери алагды кылынган Түркия бар

Президент Режеп Таййип Эрдоган, расмий сапар менен барган Венгрияда премьер-министри Виктор Орбан менен Улуттук парламенттеги кабыл алуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1065147
1963-жылдан бери алагды кылынган Түркия бар

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Венгриянын Европа Биримдиги процессинде ар дайым Түркияны жактаганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, расмий сапар менен барган Венгрияда премьер-министри Виктор Орбан менен Улуттук парламенттеги кабыл алуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Бир журналисттин, «Түркиянын Европа Бириммдиги процессинин ылдамдатылышы үчүн ЕБ өлкөлөрүнөн күтүүңүздөр кандай? Бул темада алдыбыздагы процессте дагы көп тема каралышын күтүүдөсүзбү?» деген суроосуна Эрдоган, эң оболу бул темага сереп салган Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанга ырахматын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Анткени Европа Биримдиги процессинде чындап эле ар дайым биздин жаныбызда болушту, ар дайым бизди колдошту»,-деди.

Бул процессте (талапкерлик кайрылуусу жасалган) 1963-жылдан 2018-жылга келгенин эске салган Эрдоган: «1963-жылдан бери алагды кылынган Түркия бар. Эч бир ЕБне мүчө өлкөгө мындай зулумдук кылынган жок. «Макул да дешпейт, жок да дешпейт». Макул  болсо макул, жок дешсе жок. Чынчыл болуш керек. Ала турган болсоңуз белгилеңизди бериңиз, албай турган болсоңуз муну да айтыңыз. Бизди да чарчатпагыла, биз да сизди чарчатпайлы. Сиз жолуңузду, биз да жолубузду уланталы. Ушундай ачык жана так болуш керек. Мен, саясатта, өзгөчө ачыктыкты сүйөмүн, тактыкты сүйөмүн, чынчылдыкты сүйөмүн. Бул кадамды дагы буга жараша ташташ керек деймин жана учурда сабыр чегиндебиз, акыры жакшы болсо экен деймин»,-деди.



Тектеш кабарлар