Түркиядан Афганстанга жардам

Түркия Афганстандын борбор шаары Кабулдагы жардамга муктаж 300 үй  - бүлөгө тамак  - аш жардам берди.

1064579
Түркиядан Афганстанга жардам

Түркия Афганстандын борбор шаары Кабулдагы жардамга муктаж 300 үй  - бүлөгө тамак  - аш жардам берди.

Түрк Кызылайы тарабынан уюштурулган жана афган Кызылайынын Кабулдагы офисинде жардамдарды таркатуу аземине Түркиянын Кабул элчиси Огузхан Эртугрул, ички иштер министрлигинин миграция башкармалыгынын аткаруучу директору Абдуллах Айаз, түрк Кызылайынын башкы директру Ибрахим Алтан, башкы директордун орун басары Алпер Күчүк, Түркиянын Кабул элчиилигинин ички иштер министрлигинин кеңешчиси Илкер Түркбайрак менен түрк Кызылайынын Афганстан делегациясынын төрагасы Мүжахит Салих Дуран катышты.

Түрк Кызылайынын башкы директору Алтан бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Афганстандын 40 жылга жакын убакыттан бери согуштар менен жашагандыгын, бул абалдан өлкөнүн чарчагандыгын жана афган калкынын жакырдык ичинде экендигин айтты.

Түрк Кызылайы катары афган калкынын муктаждыктарын камсыз кылуу жана аларга жардам берүү үчүн Афганстанда бир офис ачышкандарын айткан Алтан офистин афган Кызылайы менен жардам иштерин уланткандыгын белгиледи. Алтан түрк Кызылайынын Кабулда жардамга муктаж 300 үй  - бүлөгө бир айга жете турганчалык тамак  - аш жардамын беришкендерин белгиледи.

Афганстанда жардамга муктаж кишилер жана жумушсуздук катнашынын ашыкча экендигин белгилеген Алтан ушул себептен жардам иштеринин мындан кийин да улантыларын айтты.

 



Тектеш кабарлар