Манбиж аймагы тууралуу белгиленген жол картасынын тез арада ишке ашырылышы керек

Ибрахим Калын, Президенттик комплексинде президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Кабинет жыйынынан кийин маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1062050
Манбиж аймагы тууралуу белгиленген жол картасынын тез арада ишке ашырылышы керек

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШ менен Сириянын Манбиж аймагы тууралуу белгиленген жол картасынын тез арада ишке ашырылышы керектигин билдирди.

Ибрахим Калын, Президенттик комплексинде президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Кабинет жыйынынан кийин маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Калын: «Манбиждеги акыркы абал кандай?» түрүндөгү суроого жообунда жол картасынын 90 күндүк календар менен түзүлүүсү боюнча (АКШ) макулдашкандарын билдирди.

Бул темада бир канча «азгыруу тактикаларынын» процесске киргенин капа болуп көргөндөрүн белгилеген Калын: «Биздин бардык деңгээлде  америкалык кесиптештерибизге айткандай, эми бул азгыруу тактикалырынын ташталышы жана Манбиж жол картасынын пландалганы сыяктуу ишке ашырылышы керек. Эми нормалдуу убакта бул билим берүүчүлөрдүн билим алышы, андан кийин аянттагылардын билим алуусу, андан кийин биргелешкен күзөт процесстеринин чындыгында эбак эле бүтүрүлгөн болушу керек эле»,-деп айтты.

Мунун чындыгында эбак эле бүтүрүлүшү керек болгон процесс экенине шилтеме кылган Калын: « Айтканымдай тигил же бул себеп менен бул күндөр жалаң кечеңдетилип жатат. Биз эми мунун токтотулушун каалайбыз. Мындайча айтканда ал жерде террордук уюмга каршы биргелешкен коопсуздук иштерин аткарабыз; биргелешкен күзөттөр, аймактын коопсуздук астына алынышы үчүн, манбиждиктердин тез арада өз жерлерине кайтуусунун камсыздалышы үчүн, максаттар ушулар. Андай болсо муну тез арада ишке ашыралы, дагы көпкө кечиктирүүнүн биз тараптан ачыктала турган жагы жок. Ошондуктан биздин күтүүбүз, тийиштүү бөлүктөрүбүз, Улуттук коргонуу министрлигибиз бул теманы тийиштүү тарап менен күнүгө сүйлөшүп жатат, бирок бул азгыруу тактикасы чындап эле чоңоюп бараткан маселеге айлана баштады. Бул жерден кайрадан ушул билдирүүнү айтып койоюн; эми бул Манбиж жол картасынын тез арада ишке ашырылышы зарыл».



Тектеш кабарлар