Түркия ИКАБдагы шайлоонун тынч өткөнүнө ыраазы

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Ирактын күрт аймактык башкаруусунда (ИКАБ) жекшемби күнү болгон эл өкүлдүгүнө шайлоолордун тынчтыкчыл түрдө ишке ашырылышына ыраазы болгондорун айтты.

1061098
Түркия ИКАБдагы шайлоонун тынч өткөнүнө ыраазы

Түркия Ирактын Күрт аймактык башкаруусунда (ИКАБ) парламенттик шайлоолордун тынчтыкчыл түрдө ишке ашырылышына ыраазы болгонун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Ирактын күрт аймактык башкаруусунда (ИКАБ) жекшемби күнү болгон эл өкүлдүгүнө шайлоолордун тынчтыкчыл түрдө ишке ашырылышына ыраазы болгондорун айтты.

Бул тема тууралуу жазуу түрүндөгү жарыясында Аксой: «Шайлоо жыйынтыктарынын Ирактын биримдик жана бүтүндүгүнүн корголушу жана өлкөдө ырааттуулуктун камсыздалышы жагынан пайдалуу болушун тилейбиз»,деген сереп салды.

Орто эсеп менен 5 миллион калктуу ИКАБда, 3 миллиондон ашуун катталган шайлоочу 30-сентябрь жекшемби күнү парламенттик шайлоого катышты. Анда 29 партия жана коалиция 111 орундуктуу парламент үчүн ат салышкан.


Этикеткалар: #Түркия , #ИКАБ

Тектеш кабарлар