Президент Р. Т. Эрдогандын мыйзам чыгаруу жылынын ачылышында сүйлөгөн сөзү

Президент Р. Т. Эрдоган Түркия боюнча ойнолуп жаткан оюнду бузуу сыяктуу экономикалык кол салуулардын да үстүнөн чыгышарын белгиледи.

1060213
Президент Р. Т. Эрдогандын мыйзам чыгаруу жылынын ачылышында сүйлөгөн сөзү

Президент Р. Т. Эрдоган Түркия боюнча ойнолуп жаткан оюнду бузуу сыяктуу экономикалык кол салуулардын да үстүнөн чыгышарын белгиледи.

Эрдоган 27 -  мезгилдин 2 -  мыйзам чыгаруу жылынын ачылышынан улам Түркия Улуттук Парламентинин Жалпы Кеңешинде депутаттарга кайрылды.

Эрдоган сөзүндө кээ бир чөйрөлөр тарабынан Түркияны бурчка такоо үчүн жасалган ар бир кыймылдын өлкө катары ташталган чоң кадамдар менен жооп алгандыгына көңүлдөрдү бурду.

Тышкы күчтөрдүн  террордук уюмдарды колдонуу менен Түркияга тизе бүктүрүүгө аракет кылышкандарын баса белгилеген Эрдоган ПКК, ДЕАШ жикчил террордук уюм жана Фетуллахчы террордук уюм менен күрөшүүдө чоң ийгиликтерге жетишкендерин айтты.

Эрдоган : «Козголоң чыгарууга аракет кылышты.  Элибиз менен бирге көкүрөгүбүздү окко тосуп, келечегибизге ээ чыктык. Чек арабызда террор коридорун курууга аракет кылышты, жүргүзгөн операцияларыбыз менен экономикабызды чөктүрүүгө аракет кылышты. Алланын  уруксаты менен бул кол салуудан да кутулуу жолунда бара жатабыз. Ушул күнгө чейин элибиз менен бирдикте кыймыл кылганыбызда ашып өтө албаган эч бир маселе калбады. Мындан кийин да ошол эле ийгиликтерге кол коюну улантабыз»,- деди.

Ирактын Кандил аймагында террористтерге каршы чоң сокку ургандарын баса белгилеген Эрдоган максаттарынын Синжарды да террористтерден толугу менен тазалоо экендигин айтты.

АКШ менен карым  - катнаштарга да  токтолгон Эрдоган : «Террордук уюм менен караңгы карым  - катнаштардан улам соттолгон бир кечилди шылтоолоп өлкөбүзгө санкция салууга аракет кылган бул туура эмес түшүнүк менен дипломатиянын жана мыйзам чегинин  ичинде күрөшүүдө чечкиндүүбүз»,- деди.

Эрдоган эң кыска убакытта маселелерди чечип АКШ менен кайрадан саясий жана экономикалык тармактарда статистикалык өнөктөштүккө ылайык карым  - катнаштарды куруудан үмүт кылышкандарын айтты.

АКШ башкаруусунун саясий жана мыйзамдуу маселелерди диалогдун ордуна коркутуу жана шантаж менен чечүүгө аракет кылуу менен жаңылыш жолго киргендигин баса белгилеген Эрдоган : «Бизди чоң чыгымга учуратууга аракет кылган бул метод негизинен орто жана узун мөөнөттөгү чыгымды АКШга берип жатат. Дүйнөдө эч бир өлкөнүн АКШ менен карым  - катнаштардын келечегине ишеним менен карашы эми мүмкүн эмес»,- деди.

«Орусия менен мамилебизди бузуу үчүн да көптөгөн провакация жасалды»,- деген Эрдоган : «Бири бирибизге болгон сыйды жоготпостон, бул кыйынчылыктарды ашып өттүк. Буйруса алдыбыздагы мезгилде Орусия менен арабыздагы бул оң кызматташууну дагы да күчтөндүрөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар