ПКК/ЙПГнин эки террористи Түркияга алып келинди

ПКК/ЙПГ террордук уюмунун 2 террористи Сирияда кармалып Түркияга алып келинди.

1057433
ПКК/ЙПГнин эки террористи Түркияга алып келинди

«Зайтун бутагы» операциясы учурунда 2 аскерди шейит кылуу окуясына аралашкан ПКК/ЙПГ террордук уюмунун 2 террористи Сирияда кармалып Түркияга алып келинди.

Улуттук Чалгындоо Уюму МИТ жана жандармерия топтору тарабынан кармалып Хатайга алып келинген террористтер камоого алынды.

«Зайтун бутагы» операциясында жөө аскер, лейтенант Огуз Каан Уста жана жөө аскер, сержант Мехмет Муратдаг шейит болгон жана Устанын сөөгүн уурдоо окуясына аралашкан 9 террористтин камалышынан кийин МИТ жана жандармерия топтору териштирүүнү тереңдеткен.

Террористтердин моюнга алуулары жана иликтөөлөрдүн натыйжасында 9 террорист менен бирдикте ошол эле окуяга аралашкан эки шектүү дагы Африндин Ражо аймагында кармалып Түркияга алып келинди.

 



Тектеш кабарлар