Түркия Парагвайга Элчилик ачат...

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Латын Америкасы жана Кариб аралдары аймагы менен кызматташуу саясаттарынын алкагында Парагвай менен жолугушуу жана кызматташтыгын арттыруу багытында кадамдар ташталганы белгиленди.

1055340
Түркия Парагвайга Элчилик ачат...

Парагвайда Элчилик ачылуусуна карата укуктук процедураларын бүтүргөн Түркиянын борбор калаа Асунсьондогу алгачкы элчиси Армаган Инжи Эрсой болот.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Латын Америкасы жана Кариб аралдары аймагы менен кызматташуу саясаттарынын алкагында Парагвай менен жолугушуу жана кызматташтыгын арттыруу багытында кадамдар ташталганы белгиленди.

Ушул алкакта тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-жыйындарынын алкагында Парагвайдын тышкы иштер министри Луис Альберто Кастильони менен Нью-Йоркто жолукканы маалымдалган жарыяда, «Жолугушууда Түркия менен Парагвайдын ортосундагы карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү жагдайында эки тараптуу саясий эрк тастыкталды. Түркия, Асуньсондогу Элчилигибиздин ачылуусуна карай укуктук процедураларды бүтүрдү жана Армаган Инжи Эрсойду алгачкы элчибиз катары дайындады. Парагвай тарабынын да керектүү процедураларды жакынкы бир убакта бүтүрүүсү күтүлүүдө»,делди.

Бул учурда БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Парагвайдын тышкы иштер министри  Луис Альберто Кастильони, Лесотонун тышкы иштер министри Лесего Макготи жана Грузиянын тышкы иштер министри Давид Залкалиани менен жолукту.

Чавушоглу парагвайлык кесиптеши менен болгон жолугушуусунан кийин Твиттер барагынан маалымат бөлүштү.

Чавушоглу анда, «Түштүк Американын алдыңкы өлкөлөрүнөн парагвай менен карым-катнаштарыбызда жаңы мезгилди баштоодобуз, Элчиликтерибизди эки тараптуу түрдө ачуудабыз»,деген сөздөргө орун берди.

Бир тараптан дипломатиялык булактардан Лесотого дагы элчилик ачыла турганы, Лесотонун болсо келечекте Түркияда элчилик ачуу чечимин тастыктаганынын маалыматы келди. Грузиянын тышкы иштер министри Давид Залкалиани менен болгон жолугушуунун да жемиштүү өткөнү маалымдалды.



Тектеш кабарлар