Ислам аймагынын жарандык согуштар менен күн тартипке келиши капага салат

Нью-Йоркко барган президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк жана мусулман коомчулукка кайрылган соң TÜRKEN фондунун салттык гала тамагына катышты.

1055435
Ислам аймагынын жарандык согуштар менен күн тартипке келиши капага салат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда коопсуз аймактарды көбөйтүүнү уланата тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Түркия убактысы боюнча саат 23:00 чамаларында барган АКШнын Нью-Йорк шаарында түрк жана мусулман коомчулукка кайрылды.

Өлкөдөгү кризистен Түркияга баш калкалаган сириялыктардын 260 миңинин мекендерине кайра кайтканын маалымдаган Эрдоган: «Акыркы Идлиб кризисинде болгону сыяктуу бир дагы жарандын мурдун канатпоо үчүн дипломатиялык аренада тыгыз аракет кылдык. Бул аракетибиздин жемишин ала баштадык»,-деди.

Президент Эрдоган сөздөрүн буларды айтып улантты: «Буюрса алдыбыздагы мезгилде Евфрат дарыясынын чыгышын да камтыгыдай түрдө Сириянын ичиндеги коопсуз аймактарды арттырууну улантабыз. Өлкөбүзгө багытталган террордук коркунуч соңуна чыкканга дейре, Сириянын келечегине кастык кылган бандалардын тамыры жулунганга дейре күрөшүүбүздү улантабыз».

Андан соң  «Алгачкы кыбылабыз Кудсту баскынчылардын жана Палестиналыктарга мамлекеттик террорду ишке ашыргандардын мансапкордуктарына калтырбайбыз. Израиль жана Америка башкаруучулугунун Кудстун тынчтыгын жана намысын тебелеген зомбулуктарына каршы күрөшүүбүздү дипломатияда эң жогорку деңгээлде жүргүзөбүз»,-деп айтып Палестина маселесине токтолгон Эрдоган, аракандык мусулмандардын трагедиясын да эске салып: «Бул маселелердин бардыгынын бүдөмүккө түшүүсүндө БУУнун коопсуздук кеңеши сыяктуу глобалдык тынчтык жана ырааттуулуктун кепили болгон мекемелердин шалаакылыгын албетте кабыл алабыз. Бул мекемелердин түзүлүшүнө ылайык, көбүнчө дүйнөлүк тынчтыктан көп белгилүү күчтөрдүн кызыкчылыктарынын корголушу үчүн кызмат кылгандарын билебиз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Кесиби жана этникалык айырмачылыктарыбызды кагылышуу жана үстөмдүктүн себеби эмес, үммөттүн түрдүүлүгүнүн, байлыгынын бирден өкүлү катары карайбыз. Берки диндердин мүчөлөрүн четке какпастан, адамзаттын орток пайдаларында жолугушуунун жолдорун издейбиз»,-деп айтты.

Америкалык мусулмандардын акыркы мезгилде саясатка жана алдыбыздагы шайлоолорго карай кызыгуусунун артышын ыраазы болуп уккандарын да белгилеген Эрдоган: «(Ноябрь айындагы) Шайлоолордун жыйынтыгында көп сандаган тууганыбызды өкүлдүк жана чечим чыгаруучу макамдарда да буюрса көрө турганыбызга ишенүүдөмүн»,-деди.

Эрдоган андан соң TÜRKEN фондунун салттык гала тамагына катышты.

Эрдоган, TÜRKENдин бир гана Түркиядан АКШга кеткен окуучулардын академиялык, социалдык жана илимий аракеттерине салым кошуу менен калбаганын, ошол эле убакта Түркия жана Американын жарандык коомдук уюмдарынын кызматаштыктарын күчтөндүрүш үчүн жемиштүү платформа милдетин аткара турганын айтты.

Бул жердеги сөзүндө да Ислам аймагынын туугандардын кагылышуулары жана жарандык согуштар менен күн тартипке келиши капага салганын айткан Эрдоган, чындап эле кыйын кезеңдерден өтүп жаткандарын белгилеп буларга токтолду: «Күнүгө күбө болгондорубуз менен адамкерчилигибиз жана туугандыгыбыз сыналып жатат. Кылымдар бою адамзаттын илим, билим жана акыл борбору болгон байыркы шаарлар тилекке каршы бүгүнкү күндө кан жана көз жаштар менен эскерилүүдө. Кылымдар бою илимге суусагандардын суусунун кандырган атактуу Мосул китепканасы, баскынчылардын колунда кудум эле кыйрандыга айланды. Багдад китепканасынын ар бири өзүнчө казына баалуулугундагы миңдеген сейрек китеби жок кылынды, же болбосо уурдалып чет өлкөгө алынып кетти. Бүгүнкү күндө Халебдин, Дамасктын, Хаманын, Триполинин, Сананын кагылышуулар менен күн тартипте болушу ушунчалык кайгыга салат!»

Түркиянын ДЕАШ жана ПКК террористтерине каршы жүргүзгөн мыйзамдуу операцияларын сындоого алгандар, мамлекеттик террорду ишке ашырган режимдер жана башкаруучулардын алдында эч кандай кадамдарды таштай албай жатышат,деген Эрдоган: «Туш болгон ар бир мүмкүнчүлүктү биздин өлкөнү жамандоо үчүн колдонгондор, мисал үчүн Израиль болуп калса, Израилдин кылган кылмыштары болгондо тилекке каршы үн катпай калышууда»,-деп айтты.

Ушуга окшогон кайдыгерликке акыркы 7 жылда Сирияда күбө болгондорун белгилеген Президент, дүйнөлүк гиганттардын согуштар тууралуу ооздорун ачкан убакта бир гана химиялык куралдар деп аташкан, бир гана химиялык куралдарга каршылык көрсөткөндөрүн белгилеп, бул сөздөрдү кошумчалады: «Химиялык куралдар менен канча киши өлтүрүлдү? Карасаңар жүз, эки жүз, үч жүз, беш жүз, миң, эки миң, беш миң. Анда кадимки куралдар менен канча киши өлтүрүлдү? Жүз миңдеген. Жүз миңдер өлтүрүлгөн аймакта кадимки куралдарды колдонгондорго каршы дүйнө жүзүнүн бир нерсе айтканын угуп жатасыздарбы?»



Тектеш кабарлар