Армения Азербайжан жерлеринен шартсыз түрдө чыгшы керек

Азербайжандын борбор шаары Бакуга сапар менен берген парламенттин спикери Азербайжан Улуттук Парламентинин 100 жылдыгынан улам өткөрүлгөн атайын отурумга катышты.

1054390
Армения Азербайжан жерлеринен шартсыз түрдө чыгшы керек

Түркия Улуттук Парламентинин Спикери Бинали Йылдырым Армениянын басып алган Азербайжан жерлеринен шартсыз түрдө чыгышы керектигин айтты.

Азербайжандын борбор шаары Бакуга сапар менен берген парламенттин спикери Азербайжан Улуттук Парламентинин 100 жылдыгынан улам өткөрүлгөн атайын отурумга катышты.

Йылдырым бул жерде сүйлөгөн сөзүн Азербайжан тилинде сүйлөдү жана катышуучулардан абдан чоң алкыш алды. Түркия менен Азербайжандын бир улуттун балдары экендигин айткан Йылдырым : «Түркия Азербайжан, Азербайжан болсо Түркия»,- деди.

Азербайжандын тынчтык, бейкуттук жана коопсуздугунун кубантуучу экендигин белгилеген Йылдырым : «Түрдүү ишенич жана маданияттар тынчтык ичинде жашаган бул жерлер Кавказдардагы башка мамлекеттерге да үлгү болууда»,- деди.

Аймактын көптөгөн жылдардан бери келе жаткан маанилүү маселеси басылып алынган Жогорку Карабах экендигин белгилеген Бинали Йылдырым: «Бул маселеге туруктуу чечүүчү жол табылбастан Кавказдарда кагылышуу ыктымалдарын жок кылуу мүмкүн эмес. Түркия башынан бери Азербайжандын талаптарын колдоодо. Армения Жогорку Карабах башта болгон, басып алган Азербайжан жерлеринен шартсыз түрдө чыгышы керек. Бул жерлер Азербайжандыкы. Кечээ кандай болгон болсо түбөлүк да ошол бойдон калат»,- деди.



Тектеш кабарлар