Террористтерге карай жүргүзүлгөн операциялар уланууда

Түркияда жана чек арага жакын аймактарда жикчил террор уюумна карай операциялар тынымсыз уланууда.

1050543
Террористтерге карай жүргүзүлгөн операциялар уланууда

Хаккариде жикчил террор уюму ПККга мүчө террористтерге карай жүргүзүлгөн операцияда бирөө аялдан турган эки террорист жок кылынды.

Мардиндин Кызылтепе жана Нусайбин райондорунун ортосунда, Сирия чек ара багытында жүргүзүлгөн операцияда болсо жикчил террор уюму ПККга мүчө экөө аялдан турган  3 террорист мыйзамсыз жолдор менен Түркияга кирүүгө аракет кылып жатканда кармалды.

Террористтердин бомба жасоо билимин алгандары белгиленди.

Батмандын Козлук районунда губернатор жана жогорку деңгээлдеги кызматкерлерге кол салууга даярданып жатканы аныкталган бир террорист кармалды.

Муштун Хаскөй районунун элет жеринде террористтерге таандык  жашынуучу жай табылды.

Вандын Гүрпынар районундагы операцияда да бир террорист кармалды, көп сандаган курал жана ок-дары колго түшүрүлдү.

Бир тараптан жикчил террор уюмунун Сириядагы уландысы ЙПГнын мүчөсү экендиктеринен шек саналган  Сирия тектүү 2 бир туугандар Амасияда кармалды, бир туугандардан бирөө камакка алынды.

Стамбулда да жикчил террор уюму ПККнын жаштар түзүмүнө карай операция жүргүзүлүп 16 шектүү кармалды.



Тектеш кабарлар