Эрдоган эртең Орусияга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын Сочи шаарында Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугат.

1050544
Эрдоган эртең Орусияга барат

Түркиянын Сириянын Идлиб шаары темасындагы дипломатиялык алакалары уланууда.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ушул максат менен эртең (17.09.2018) Орусиянын Сочи шаарында Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугат.

Эки лидер, Сириядагы абалдарды жана Идлибдеги акыркы абалды карап чыгат.

Бул учурда президенттиктин басма сөз борборунан президент Эрдогандын Орусия Федерациясына сапары тууралуу маалымат берилди.

Эрдогандын эртең Орусия Федерациясынын Сочи шаарына бир күндүк иш сапары менен бара турганы маалымдалган жарыяда, «Сапары убагында Президентибиз, Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Программанын алкагында эки өлкөнүн тийиштүү министр жана жооптуу кызматкерлеринин катышуусунда делегациялар аралык жолугушуунун өткөрүлүшү да көздөлүүдө. Жолугушуулар убагында Түркия менен Орусиянын эки тараптуу карым-катнаштарынын саясат, экономика жана энергетика күн тартибинде орун алган темалар каралат, айрыкча Сириядан баштап айрым аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алмашылат»,делди.

Эрдоган жана Путин акыркы жолу ошол эле Сирия күн тартиби менен ишке ашырылган Тегеран саммитинде жолуккан. Бул жерде Ирандын президенти Рухани менен бирге үчтүк сүйлөшүү жана маалымат жыйын өткөргөн.


Этикеткалар: #Идлиб , #Эрдоган , #Путин

Тектеш кабарлар