Президент Эрдоган менен Нурсултан Назарбаев биргелешкен пресс - жыйын өткөрүштү

Абдан кенен жана түшүмдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөндөрүн билдирген Эрдоган сапардын негизинде эки өлкөнүн ортосунда 5 документке да кол коюлгандыгын айтты.

1049146
Президент Эрдоган менен Нурсултан Назарбаев биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү

Президент Р. Т. Эрдоган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев  менен өткөргөн биргелешкен пресс  - жыйында Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ менен күрөшүү тууралуу пикир алышкандарын айтты.

Эрдоган менен Назарбаев борбор шаар Анкарада жекеме  - жеке сүйлөшүүлөр жана катышкан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңеш жыйынынан кийин президенттик комплексте биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

Эрдоган Назарбаев менен Кыргызстанда өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин  6 -  саммитинен улам 3 -  сентябрда жолугушкандарын эске салып, бүгүн өткөрүлгөн жекеме  - жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу күн тартиптериндеги бардык темаларды карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн табышкандарын белгиледи.

Абдан кенен жана түшүмдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөндөрүн билдирген Эрдоган сапардын негизинде эки өлкөнүн ортосунда 5 документке да кол коюлгандыгын айтты.

Президент Эрдоган кечээ Анкарада чогулган Түркия  - Казакстан инвестиция форумунун негизинде жалпы наркы 2 миллиард долларга жеткен 20дан ашуун документтин эки өлкөнүн тийиштүү мекемелери жана менчик сектор фирмаларынын ортосунда кол коюлгандыгын баса белгиледи.

«Сүйлөшүүлөрүбүздө ФЕТӨ менен күрөшүү тууралуу пикир алыштык. Бул уюмдун өлкөбүз, улутубуз жана иш алып барган бардык өлкөлөр үчүн коркунучтуу жактарын ортого салдык жана тийиштүү кишилерди милдеттендирдик. Бүгүн өзгөчө экономика, соода, коргонуу, маданият жана билим берүү башта болгон эки тараптуу күн тартибибизде орун алган башка маселелерди да карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн таптык»,- деди президент Эрдоган.

Биргелешкен пресс  - жыйындан мурда Эрдоган менен Назарбаевдин алдында эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Ушул боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда «Аскердик кызматташтык келишими» жана «Аскердик тармакта жашыруун маалыматтардын сакталышы келишимине» улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Казаскстандын коргоо министри Нурлан Эрмекбаев тарабынан кол коюлду.

«Жаңы стратегиялык орток экономикалык программасынын 2018 – 2020 кыймыл планына» болсо тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен Казакстандын инвестиция жана өнүгүү министри Жеңиш Касымбек кол койду.

Эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы «Маданий борборлорунун курулушу жана алып барган иштерине байланыштуу» келишимге маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мукмахемидин улы тарабынан кол коюлду.

Айыл  - чарба жана токой чарбачылыгы министрлиги менен Казакстан айыл  - чарба министрлигинин ортосунда Айыл  - чарба кызматташтык меморандумуна  айыл  - чарба жана токой  чарбачылыгы министринин орун басары Мехмет Хади Тунч менен Казакстан айыл  - чарба министринин орун басары Эрлан Нишанбаев кол койду.



Тектеш кабарлар