Япониянын принцессасы Акико Микасаномия Анкарада...

Принцесса Акико Микасаномия Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым тарабынан кабыл алынды.

1047449
Япониянын принцессасы Акико Микасаномия Анкарада...
akiko miksanomiya-tirnak bayraklar.jpg
akiko miksanomiya-cavusoglu.jpg

Япониянын принцессасы Акико Микасаномия борбор калаа Анкарада бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Принцесса Акико Микасаномия Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым тарабынан кабыл алынды.

Йылдырымдын расмий имараттагы кабыл алуусу жабык эшик артына өттү.

Япон принцессасы тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен да жолукту.

Тышкы иштер министрликтин расмий имаратында ишке ашкан жолугушууда принцесса Акиконун түстүү лак менен тырмактарына Түркия менен Япониянын желектерин тарттырып алганы көңүл бурду.

Сүрөткө түшкөндөн кийин жолугушуу жабык эшик артында өттү.

Принцесса Акико, Чавушоглу менен жолугушуусунан мурда бир канча жерге зыярат кылды.

Анкарадагы жолугушууларын Аныткабырга зыярат кылып баштаган принцесса Акико, Республиканын куруучусу Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюп таазим кылды жана андан соң Мисаки Милли мунарасына өтүп Аныткабырдын атайын дептерине кол койду.

Япониянын принцессасы Акико Микасаномия, андан соң Кыршехирдин Каман районундагы Калехөйүк казуу аянтын, Япон Анадолу археология институтун, Япон бахчасы жана Калехөйүк арехология музейин кыдырды.

Япон принцессанын Түркияга сапары 14-сентябрга дейре уланат.



Тектеш кабарлар