Түркия Грецияны муфтий темасында эскертти
Хами Аксой, Грециянын Билим берүү жана дин иштери башкармалыгы тарабынан муфтийлерге карай даярдалган токтом долбоору тууралуу маалымдоо жасады.
Түркия, Грециядан Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын шайланган муфтийлерин тааныбаган мамилесин соңуна чыгаруусун талап кылды.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Грециянын Билим берүү жана дин иштери башкармалыгы тарабынан муфтийлерге карай даярдалган токтом долбоору тууралуу маалымдоо жасады.
Басма сөз катчысы Аксой: «Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын шайланган муфтийлерин тааныбаган Грециянын эң оболу бул мамилесин соңуна чыгаруусун жана жасала турган түзөтүүлөрдө азчылыктын күтүүлөрүн эске алуусун күтүүдөбүз»,-деди.
Аксой анда: «Батыш фракиялык боордошторубуз, муфтийлик мекемеси эл аралык келишимдерде бекитилген автономиялуу түзүлүшүн токтом долбоору менен жоюлуусуна санааркап жатат. Боордошторубуз азчылыктын диний муктаждыгына кызмат кылышы керек болгон муфтийлик мекемесине тиешелүү түзөтүүнүн, азчылыктын көз караш жана талаптары боюнча каралып чыгылышын күтүүдө»,-деп айтты.
Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын санааркоолорунун Түркия тарабынан да бөлүшүлгөнүн белгилеген Аксой, «Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын шайланган муфтийлерин тааныбаган Грециянын эң оболу бул мамилесин соңуна чыгарышын жана жасала турган түзөтүүлөрдө азчылыктын күтүүлөрүн эске алуусун күтүүдөбүз»,деген серебин салды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинен террористтерге каршы күрөшүү тууралуу маалымат берилди.