Президент Эрдоган АКШны ФЕТӨ туралуу сынга алды

Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын Фетуллахчы террордук уюмга жылдык 800 – 850  миллион доллар төлөгөндүгүн айтты.

1045198
Президент Эрдоган АКШны ФЕТӨ туралуу сынга алды

Президент Р. Т. Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Бениндин президенти Патрис Талон менен жекеме - жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен пресс - жыйын өткөрдү. Эрдоган Бениндин президенти Патрис Талон менен ФЕТӨ маселесин сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн тапкандарын белгилеп : «Маалым болгондой ФЕТӨ бир вирус, бардык жерге бардык өлкөлөргө кирип жатат. Ошондой эле Бенинге да булар киришти. Маариф фонду өкүлүбүз өткөн айда ишин баштады. Бениндеги ФЕТӨ байланыштарынын жок кылынышы тууралуу эң кыска убакта жыйынтык аларыбызга ишенем»,- деди.

ФЕТӨ Түркияда мамлекеттин бардык мекемелерине кандай кирген болсо Бенинде да ошол эле тактика менен кире аларын баса белгилеген Эрдоган буларды айтты : «Америка ФЕТӨ башчысына 400 гектардык аянтты бөлүп берди жана бул аянтта бүткүл дүйнөдөгү уюмдарын ошол жерден башкарып жатат. Американын чартер мектептери жылдык 800 – 850 миллион доллар төлөп жатат. Мунун билинишинде пайда бар. Бул уюмдун артында эмнелердин бар экендигин, кимдердин бар экендиги билинишине абдан чоң маани берем».



Тектеш кабарлар