Президент Эрдоган - Маас жолугушуусу

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жана Маас бүгүн Стамбул немис лицейинин 2018 – 2019 билим берүү жылынын ачылуу аземине катышат.

1044165
Президент Эрдоган  - Маас жолугушуусу

Президент Р. Т. Эрдоган иш алып баруу сапары менен борбор шаар Анкарага келген Греманиянын тышкы иштер министри Хеико Маасты кабыл алды.

Президенттик комплексте өткөн жолугушуу бир саатка жакын созулду. Жолугушууга тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да катышты.

Социалдык бөлүшүү сайты твиттерден түрк тилинде маалымат берген Маас буларды белгиледи : «Түркия коңшу болгондон башка Германиянын негизги өнөктөшү. Карым  - катнаштарыбызды дагы да жакшыртуу үчүн күчтүү бир эрктин ээсибиз. Түркия сапарым менен буга салым кошууну каалаймын».

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жана Маас бүгүн Стамбул немис лицейинин 2018 – 2019 билим берүү жылынын ачылуу аземине катышат.



Тектеш кабарлар