Алгачкы улуттук тик учар

Улуттук булактар менен чыгарылган алгачкы тик учар T - 625 жалпы максаттуу тик учар биринчи учушун аткарды.

1044110
Алгачкы улуттук тик учар

Улуттук булактар менен чыгарылган алгачкы тик учар T - 625 жалпы максаттуу тик учар биринчи учушун аткарды.

Коргонуу өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир толугу менен улуттук булактар менен чыгарылган алгачкы тик учардын биринчи учушунун жакшы өтүшүн каалады.

T - 625 тик учар кыйын климат жана географияларда, бийиктикте жана жогорку ысыктыкта, түнкү жана күндүзгү шарттарда кызматын аткарала алат.

Тик учар ташуу, VIP, жүк ташуу, абада тез жардам, изилдөө – куткаруу жана жээктин ары жагына ташуу кызматтарын аткара алат.

2 экипаж жана 12 жүргүнчүнү ташый ала турган T - 625 жалпы максаттуу тик учардын массалык өндүрүлүшүнө 2021 -  жылы өтүлүшү күтүлүүдө.

Тик учардын түрк куралдуу күчтөрү жана башка мекемелердин бул тармактагы муктаждыктарынын бир платформада камсыз кылынышы максаты менен коргонуу өнөр жай башкармалыгынын координациясында Түрк авиация – космостук өнөр жайы ТУСАШ тарабынан чыгарылышына 2010 -  жылы чечим чыгарылган.

 

 



Тектеш кабарлар