Акар - Жеффри жолугушуусу
Түркия АКШга Сириядагы ПКК/ПЙД/ЙПГ террордук уюмунан тынчсыздангандыгын дагы бир жолу билдирди.
1043048
![Акар - Жеффри жолугушуусу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/87cc/9089/135d/5b8e769ab2d89.jpg?time=1718881901)
Түркия АКШга Сириядагы ПКК/ПЙД/ЙПГ террордук уюмунан тынчсыздангандыгын дагы бир жолу билдирди.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар АКШнын Сирия атайын өкүлү Жеффрини борбор шаар Анкарада кабыл алды. Жолугушууда Сириядагы абалдар каралды. Акар Жеффриге ПКК/ПЙД/ЙПГнин Сирияда болушунан тынчсыздангандыгын айтты.
Жолугушуу тууралуу министрликтен берилген маалыматта : «Түркиянын укук жана кызыкчылыктарынын коргоого алынышы үчүн Түркия тарабынан көрсөтүлгөн чечкиндүүлүк баса белгиленип, жикчил террордук уюмдун аймакты толугу бошотушу керектиги билдирилди»,- деп жазылды.