Президент Эрдогандын Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин жыйынындагы кайрылуусу

Президент Эрдоган : «Акыркы мезгилде эл аралык тажрыйба, принцип жана эрежелер тебеленген мезгилден өтүп жатканыбызды санааркоо менен белгилегим келет»,- деди.

1041880
Президент Эрдогандын Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин жыйынындагы кайрылуусу

Президент Р. Т. Эрдоган түрк мамлекеттеринин өз араларындагы кызматташтык жана колдошуунун эл аралык системанын адилеттүү түрдө иштетилишине да салым кошорун айтты. Эрдоган Кыргызстан сапарынын негизнде Чолпон – Ата шаарында «Рух ордо» комплексинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жетекчилигинде Түрк тилдүү  мамлекеттер кеңешинин  жыйынына катышты.

Саммитте  биримдикке чакырган Президент Эрдоган : «Акыркы мезгилде эл аралык тажрыйба, принцип жана эрежелер тебеленген мезгилден өтүп жатканыбызды санааркоо менен белгилегим келет»,- деди.

Кээ бир өлкөлөрдүн эл аралык маселелердин чечилишинде дипломатия, диалог жана көп тараптуулуктун ордуна; коркутуулар, кысым жана шантажды алдыңкы планга чыгарууга аракет кылынгандыгын баса белгилеген Эрдоган : «Соода чектөөлөрү, бажы салыктары жана санкциялардын айынан көптөгөн жылдардын туткуну болгон келишимдер күтүлбөгөн жерден маанисиз абалга келиши мүмкүн»,- деди.

Түркиянын эл аралык коомчулук менен тилектештик ичинде диалогду, дипломатияны, адилеттикти жана укукту коргоону улантарын белгилеген Эрдоган : «Түрк мамлекеттери катары өз арабызда көрсөтө турган кызматташтык жана колдошуу эл аралык системанын адилеттүү түрдө иштетилишине да салымын кошот»,- деди.

Эрдоган эл аралык соодада долларга болгон көз карандылык тууралуу : «Өз акча бирдигибиз менен соода кылууну сунуш кылам»,- деди.

Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн бир мезгил Түркияда болгондой дүйнөнүн төрт тарабында билим берүү мекемелери аркылуу уюмдашкандыгын белгилеген Эрдоган : «Биздин жашагандарыбыз бизде болгондой досторубузга да ФЕТӨ менен күрөштө кеч калбоо керектигин ачык түрдө көрсөттү»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар