Түркия менен Нидерландия кыска убакытта элчилерин дайындайт

Чавушоглу Нидерландиянын тышкы иштер министри Стеф Блок менен Австриянын борбор шаары Венада жолугушту.

1040984
Түркия менен Нидерландия кыска убакытта элчилерин дайындайт

Түркия менен Нидерландия элчилерин эң кыска убакыттын ичинде дайындайт.

Маалымат тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунан келди.

Чавушоглу Нидерландиянын тышкы иштер министри Стеф Блок менен Австриянын борбор шаары Венада жолугушту.

Министр Чавушоглу жолугушуу тууралуу социалдык медиа эсебинен маалымат берди.

Түркия – Нидерландия карым  - катнаштарын калыбына келтирүү чечиминин чыгарылгандыгын белгилеген Чавушоглу : «Элчилерибизди эң кыска убакытта дайындоого чечим чыгардык. Өзгөчө кесиптешим Блок октябрь айынын башында өлкөбүзгө расмий сапар менен келет»,- деди.

 



Тектеш кабарлар