Тышкы иштер министринен АКШга сын айтылды

«Эми коркутуу тилин бир тарапка таштоо керек"

1039166
Тышкы иштер министринен АКШга сын айтылды

Тышкы иштер министри  Мевлют Чавушоглу АКШ менен карым  - катнаштарга байланыштуу : «Эми коркутуу тилин бир тарапка таштоо керек. Ковбой филиминде болгондой мен каалаганымды жасаймын деп айтыла турган болсо буга жооп берилет»,- деди.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу расмий сапар менен барган Литвада кесиптеши Линас Линкевичюс менен биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

АКШ делегациясынын эки өлкөнүн ортосундагы маселелерди сүйлөшүү үчүн Түркиядагы жолугушууларына баа берген Чавушоглу : «Конгресс мүчөлөрүнүн Түркияга келиши маанилүү. Карым  - катнаштардын күчтөнүшү үчүн иштеген конгресс мүчөлөрү бар. Бардык нерсеге карабастан диалогдун болушу маанилүү»,- деди.

Түркиянын Орусиядан С  - 400 абадан коргоо системаларын алышы  АКШ тарабынан жактырылбагандыгын белгилеген Чавушоглу : «Эми карым  - катнаштарды өнүктүрүү үчүн коркутуу тилин бир четке таштоо керек. Түркия чукул түрдө абадан коргонуу системаларына муктаж. Башта АКШдан алууну кааладык. Бул өлкөлөр бизге сата алган жок же сатууну каалабады. Түркия да чукул түрдө муктаж. Азыркы учурда тилекке каршы чукул муктаждыкты камсыз кыла турган союздашыбыз жок»,- деди.

Түркия да ичинде болгон орток проект болгон Ф  - 35 аскердик учактарынын АКШдан Түркияга тапшырылышы тууралуу бул өлкөдөн чыккан каршы үндөргө да токтолгон Чавушоглу : «Ансыз да Ф  - 35тин өнөктөшүбүз. Мен кааладым Түркия чыгат. Ковбой филиминде болгондой мен каалаганымды аткарамын десе буга жооп берилиши керек. АКШнын Иранга карата санкциялары бир өлкөнүн башка бир өлкөгө карата адилеттүү болбогон ар бир чечимине  кошулууга мажбур эмеспиз»,- деди.

Түркиянын Орусия менен оң карым  - катнашына да токтолгон Чавушоглу : «Орусия менен карым  - катнашыбыз Европа Биримдиги менен карым  - катнаштарга же АКШга альтернатив эмес. Түркиянын тышкы саясаты тең салмактуулукту байкайт»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар