Шырнакта террор операциясы
ПКК террордук уюмунун мүчөсү 5 террорист жок кылынды.
1038798
Шырнактын Бейтүшшебап районунда жүргүзүлгөн операцияда ПКК террордук уюмунун мүчөсү 5 террорист жок кылынды.
Шырнак губернаторлугунан берилген маалыматка караганда Бейтүшшебап району Фарашин жайлоосунда ПККга карата жүргүзүлгөн операцияда 5 террорист аныкталды. Маалыматта аба күчтөрү командирлиги тарабынан жакын аба опрациясынын акырында аныкталган террористтердин жок кылынгандыгы билдирилди.
Аймакта операция жүргүзүлүүдө.