Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун "USA Today" гезитине жазган макаласы

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын ички саясатынан улам Түркияга алып келген кошмча бажы салыктарын сынга алды.

1035866
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун "USA Today" гезитине жазган макаласы

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын ички саясатынан улам Түркияга алып келген кошумча бажы салыктарын сынга алып Трамтын салыктарды жогорулатуунун ордуна дипломатияны карап чыгыш керектигин белгиледи. Мевлют Чавушоглу АКШнын "USA Today" гезитине макала жазды.

АКШнын ички саясатынан улам Түркияга алып келген кошмча бажы салыктарын сынга алган Чавушогл  : «Өз өлкөсүнүн улуттук кызыкчылыктарын бөлүшкөн союздашын четке кагуу өзүнө өзү тоскоол болуп  саналат»,- деди.

Трамптын Түркияга карата санкцияларына көңүлдөрдү бурган министр Чавушоглу глобалдык коркутууларга каршы карым  - катнаштардын күчтөнүшү керек болгон жерде күчсүздөнгөндүгүн белгилеп, бул салыктардын АКШ  - Европа соода кызыкчылыктарына да тескери таасир тийгизерин белгиледи.

Түркиянын маанисине басым жасаган Чавушоглу : «Трамп салыктарды жогорулатуунун ордуна дипломатияны карап чыгышы керек. Түркия террордук уюм ДЕАШка каршы алдыңкы орунда күрөшкөн америкалык аскерлер жайгашкан Инжирлик базасына үй ээлик кылууда»,- деди.

Чавушоглу АКШ менен Түркиянын бир топ темада ар башка ойлосо да көп сандаган стратегия тууралуу да союздаш экендигине көңүлдөрдү бурду. Чавушоглу Түркиянын союздашы жана НАТОго  мүчө башка өлкөлөрдүн көпчүлүгүнөн дагы көп салым кошууну улантарын белгиледи жана : «Баарынын жакшылыгы үчүн арабыздагы келишпестиктерди дипломатия жолу менен колго алышыбыз керек»,- деди.



Тектеш кабарлар