ТИКАнын ыктыярдуу элчилери

ТИКАнын Тажрыйба алмашуу программасынын алкагында студенттер ар башка өлкөлөрдү кыдырып жүрүшөт.

1034087
ТИКАнын ыктыярдуу элчилери

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) 2018-жылдагы Тажрыйба алмашуу программасы өлкөлөрдүн ортосунда көпүрө курууну улантып жатат.

Түркиядан барган студенттер көптөгөн өлкөдө тажрыйба топтоп, тынчтык көпүрөлөрүн курушту.

Ыктыярдуу элчилер Босния-Герцеговина, Колумбия, Гана жана Мароккого барышты.

Студенттер барган ар бир аймакта тарыхый жайлардын оңдоп-түзөө иштеринин ТИКА тарабынан аткарылып жатканын көрүштү.

Ыктыярдуу элчилер Колумбияда кофе чарбаларын кыдырышып, ал эмес өндүрүү процессине катышышты. Мароккодо саламаттык сактоо жаатында иликтөөлөрдү жүргүзүп, Ганада студенттер менен Илимий саякатчылар иш-чарасында бирге болушту жана таанытым кылышты.

Тажрыйба алмашуу-2018 программасы ТИКАнын координациясында Түркия радио- телеберүү мекемеси (ТРТ), Түрк аба жолдору жана Анадолу агенттигинин кызматташтыгында уюштурулду.

Бул долбоордун алкагында 500 ыктыярдуу студент 30 башка өлкөнү кыдырат.  



Тектеш кабарлар