Бүгүн Анкарада кабинеттин жыйналышы болот

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексинде боло турган жыйналыштын негизги күн тартип беренесин экономика түзөт.

1033446
Бүгүн Анкарада кабинеттин жыйналышы болот

Бүгүн Анкаранын эң маанилүү күн тартип беренелеринен бири болгон да кабинет жыйналышы өтөт.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексинде боло турган жыйналыштын негизги күн тартип беренесин экономика түзөт.

Түркияга карай АКШ тарабынан башталган экономикалык согушка каршы көрүлгөн чаралардын жыйыныктарына баа берилет.

Айрыкча валюта курстарындагы төмөндөөнү ылдамдата турган жаңы кадамдар каралат.

Бюджетте тартиптин камсыздалышы, инфляция менен күрөшүү, керектүү структуралык реформалардын ишке ашырылышы темалары да каралат.

АКШдан чыккан айрым товарларга киргизиле турган кошумча салык жана мындан кийин таштала турган кадамдар да каралат.

Кеңеште айрыкча террор менен күрөшүү дагы талкууланат.

Өлкө ичинде жана тышында жүргүзүлгөн террордук операциялар жыйналышта сүйлөшүлөт.



Тектеш кабарлар