Пентагондун Манбиж тууралуу билдирүүсү

АКШ баштаган террор уюму ДЕАШка каршы коалициянын командирлеринен Феликс Гедни, Пентагондо өткөрүлгөн маалыматтандыруу жыйналышына телеконференция аркылуу байланышып маалымат берди.

1032897
Пентагондун Манбиж тууралуу билдирүүсү

АКШ баштаган террор уюму ДЕАШка каршы коалициянын командирлеринен Феликс Гедни, керектүү билим берүүлөр бүтүрүлгөндө Манбижде Түркия менен АКШнын ортосундагы биргелешкен күзөттөрдүн баштала турганын белгиледи.

АКШнын Коргонуу министрлигинде (Пентагон) өткөрүлгөн маалыматтандыруу жыйналышына телеконференция аркылуу байланышкан Гедни, Манбиждеги акыркы абал тууралуу баа берүүсүн жасады.

Манбиждеги процесстин пландалганы сыяктуу уланганын түшүндүргөн Гедни: «Түрк күчтөрү, Манбиждин тышындагы көз карандысыз координациялуу күзөт иштерин улантууда жана бул күзөт иштери абдан ийгиликтүү өтүүдө»,-деди.

Манбиждеги күзөт иштеринин эми туруктуу абалга келгенин белгилеген Гедни: «Биргелешкен күзөт иштери үчүн билим берүүлөр жакында башталат. Даяр болушканда жана күзөт иштери үчүн билим берүүлөр бүткөндө биргелешип күзөт жүргүзүүнү ишке ашыра баштайбыз»,-деп жазды.

Пентагондун басма сөз катчысы Эрик Пахон, 18-июндагы жарыясында Түркиянын жана Американын бөлүктөрүнүн, Манбиж жол картасы жана коопсуздук принциптерине ылайык координациялуу, бирок көз карандысыз түрдө иш-чараларын баштаганын жарыялаган. Алгачкы күзөт иштери 18-июнда ишке ашкан.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 4- июндагы жолугушуусунда райондо коопсуздук жана ырааттуулуктун камсыздалышын камтыган жол картасын бекиткен.

Террордук уюм ЙПГ/ПКК, Халеб районуна караштуу Манбиж районун 2016-жылдын август айында АКШнын колдоосу менен террор уюму ДЕАШтан алып, ээлеп алган.

Террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүү шылтоосу менен ЙПГ/ПККга колдоосун уланткан АКШ, райондун борборунун ДЕАШтан тазаланышынан кийин ЙПГ/ПККнын Манбижден чыга турганы темасында Түркияга кепилдик берген, бирок муну ишке ашырган эмес.



Тектеш кабарлар