Түркиядан АКШга эскертүү: «Санкцияларга жооп кайтарылат»

Түркия АКШнын санкцияларына жооп кайтарыла турганын жарыялады.

1030320
Түркиядан АКШга эскертүү: «Санкцияларга жооп кайтарылат»

Түркия АКШнын санкцияларына жооп кайтарыла турганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, АКШнын президенти Дональд Трамптын Түркиянын АКШга ишке ашырган алюминий жана болот экспортуна кошумча салык киргизүүсүнө байланыштуу бөлүшкөн твиит туурасындагы суроого жооп берди.

Трамптын, Дүйнөлүк Соода Уюмунун эрежелерин тебелеп, Түркиянын болот жана алюминий экспортуна кошумча салык киргизүү чечимин мамлекеттик олуттуулук менен байланыштыруунун мүмкүн болбогонун белгилеген Аксой: «АКШ, ушундай түрдөгү санкция жана кысымдары менен кызматташуу багытында эч бир жыйынтыкка ээ боло албай турганын, жалгыз гана татаал сыноолордон өтүп жетишилген шериктештик карым-катнаштарыбызга зыян тийгизе турганын билиши керек»,-деп жазды.

Түркияга каршы ташталган бардык кадамдарга ушул убакка дейре болгону сыяктуу мындан кийин дагы керектүү жооп бериле турганын баса белгилеген Аксой, Түркиянын ар дайым маселелердин дипломатия, диалог, жакшы ниет жана эки тараптуу түшүнүшүү менен чечилишин жактаганын жарыялады.


Этикеткалар: #Түркия , #АКШ

Тектеш кабарлар