Эрдоган расмий сапар менен Германияга барат

Штайнмайер мындан мурда Эрдоганды Германияга чакырган, бирок күнү белгилене элек болчу.

1027865
Эрдоган расмий сапар менен Германияга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 28-29-сентябрь күндөрүнүн аралыгында Германияга расмий сапар менен барат.

Германиянын Президенттиги, Эрдогандын 28-29-сентябрь күндөрүндө Германияга расмий сапар менен келе турганын жарыялады.

Эрдоганды Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер салтанаттуу азем менен тосуп алат. Сапардын алкагында Германиянын канцлери Ангела меркель менен да жолугушат.

Президент Эрдогандын Германия программасынын кеңириси туурасында эки тараптын ортосунда дагы деле «жакын координация» жүргүзүлүп сүйлөшүүлөр болуп жатканы да белгиленди.

Штайнмайер мындан мурда Эрдоганды Германияга чакырган, бирок күнү белгилене элек болчу.



Тектеш кабарлар