Түрк куралдуу күчтөрү Манбижди террордук уюмдан тазалоо иштерин улантып жатат

Түрк жана Американын аскерлери күзөткө чыгышты.

1027684
Түрк куралдуу күчтөрү Манбижди террордук уюмдан тазалоо иштерин улантып жатат

Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын Манбиж аймагын жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККдан тазалоо иштерин улантып жатат.

Аскерлер аймакта 26-күзөт кызматын орундатышты.

Түрк жана Американын аскерлери, «Евфрат калканы» операциясы жүргүзгөн аймак менен Манбиждин ортосундагы аймакта күзөткө чыгышты.

Эки өлкөнүн аскердик бөлүктөрү, 26-жолу координациялуу, көз карандысыз күзөт ишин жүргүзүштү.

Түркия менен АКШ 4-июнда террордук уюм ЙПГ/ПККнын Евфрат дарыясынын батышындагы Манбижден чыгып кетиши боюнча макулдашкан эле.

Биринчи күзөт иши 18-июнда ишке ашкан болчу.



Тектеш кабарлар