Эрдоган АКШны сынга алды

Эрдоган АКШнын Түркияга кригизген санкциясына жооп кайтарды.

1025958
Эрдоган АКШны сынга алды

Түркия АКШнын санкциясына жооп кайтарды...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ички иштер министри Сүлейман Сойлу жана адилет министри Абдулхамит Гүлгө санкция киргизген АКШга эсеси менен жооп кайтарыла турганын жарыялап, «Бүгүн жолдошторума буйрук беремин, АКШнын адилет жана ички иштер министрлеринин Түркиядагы капиталдары бар болсо тоңдурабыз»,-деди.

Эрдоган, Анкара спорт залында өткөн АК Партиянын башкы борборунун аялдар тармагынын кезектеги 5-конгрессинде, «Коркутуу тили менен жана сандырак санкция киргизүү чечимдери менен Түркияны баш тарттыра турганын ойлогондор бул өлкөнү да, бул улутту да эч тааныбаптыр»,-деп айтты.

Түркиянын, Европанын жана АКШнын ички саясатынын машакатына айландырылбай турганын баса белгилеген Президент: «Европанын кылган жаңылыштыктарын кайталоо Америкага пайда алып келбейт. Америка тарабы менен ортобуздагы маселелерди, орток кызыкчылыктарыбыздын алкагын түзгөн шериктештик жана стратегиялык өнөктөштүк түшүнүгүн алдыңкы планга чыгарып чечишибиз мүмкүн»,-деди.

АКШнын кечил Брансон окуясы тууралуу таштаган кадамынын стратегиялык өнөктөштүккө жарашпаганын айткан Эрдоган: «АКШ бул кадам менен бирге чындыгында Түркияга карата олуттуу опуза кылды. Түркия мындай түрдөгү мамиле менен башкарыла албайт. Бул евангелист, сионист мамиленин белгиси. Трамп бул жерде бирөөлөрдүн бурмалоосуна кабылып абдан чоң жаңылыштык кылды»,-деди.


Этикеткалар: #Түркия , #Эрдоган , #АКШга

Тектеш кабарлар