Чавушоглу менен Помпео жолукту

Түркия маселелерди дипломатиялык жолдор менен чечүүчү каалайт.

1025070
Чавушоглу менен Помпео жолукту

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШга «опузалоо менен эч нерсе кыла албай тургандарын» айтканын билдирди.

Мевлүт Чавушоглу Сингапурда өткөрүлгөн Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү бирдигинин тышкы иштер министрлеринин 51-жыйынынын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолукту.

Эки министр террорго каршы күрөш жана Сириядагы кырдаал менен катар АКШнын эки түрк министрине карай санкция чечимин талкуулашты.

Жолугушуудан кийин кыскача маалымат берген министр Чавушоглу АКШнын чуулгандуу санкция чечимине токтолуп: «Опузалоо жолу менен эч нерсе кылынбай турганын айттык»,-деди.

Маселенин бир гана сүйлөшүү менен чечилбей турганын эске салган Чавушоглу: «Иштиктүү сүйлөшүү өткөрүлгөнүн айта аламын. Түркия катары маселелерди дипломатиялык жолдор менен чечүүчү каалайбыз. Маселени чогуу чечүү боюнча макулдаштык»,-деди.

АКШлык кечил Брунсондун Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ жана ПККнын атынан кылмыш кылгандыгы боюнча 2016-жылдын 9-декабрында камакка алынышы, андан соң өткөн айда ден-соолугуна байланыштуу үй абагына чыгарылышы, АКШ тарабынан каршылык көрсөтүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар