Фуат Октай АКШнын чуулгандуу санкция чечимине каршы чыкты

Вице-президент Октай өз билдирүүсүн жарыялады.

1024498
Фуат Октай АКШнын чуулгандуу санкция чечимине каршы чыкты

Вице-президент Фуат Октай Түркиянын өз желеги, мекени жана улуту менен чоң мамлекет болгонун билдирди.

Октай АКШнын 2 түрк министрге карай чуулгандуу санкция чечимине каршылык көрсөттү.

«Акыркы жагдайлар, чоң мамлекет болуунун экономикалык, аскердик же аймактык чоңдук менен бирдей эмес экендигин дагы бир жолу бүткүл дүйнөгө көрсөттү»,-деди.

Твиттер баракчасынан өз билдирүүсүн жарыялаган Фуат Октай: «Чоң мамлекет болуу, эл аралык укуктун негизинде иш алып барууну, түзүлгөн келишимдерге баш ийүүнү, адилеттүүлүк жана урмат сый принциптерин аткарууну, элинин кызыкчылыктарын жогору баалоону жана дайыма күнөөсүздөргө колдоо көрсөтүүнү талап кылат. Биз желегибиз, мекенибиз жана улутубуз менен бирге чоң мамлекет болуп саналабыз. Урматтуу президентибиздин лидерлигинде чоң мамлекет болуунун талабын орундатуудан тартынбайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар